Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 21-январы №32
"Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу демилге көтөргөн "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы №32 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу демилге көтөргөн "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жаңы түшүнүктөр менен толуктоо сунушталат. Ошону менен бирге бул беренеде толуктоого сунушталган "берүү каналы", "коомдук телекөрсөтүүчү жана радиоберүүчү уюмдар", "берүү торчосу" деген терминдер камтылганын белгилөө керек.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"конкурстук комиссия - мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүндө иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрүн камтыган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү комиссия, алар лицензия алууга конкурс өткөрөт.".
1-берененин 3-пунктунун сегизинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык берүүлөр чөйрөсүндө лицензиялоочу жана функцияларды ишке ашыруучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги болуп саналат.
1-берененин 16-пунктунда төмөнкүдөй сунуштайбыз, анда 19-1-берененин редакциясы берилет:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Жыштык ыйгаруу байланыш тармагындагы мыйзамдарга ылайык берилет.";
- 4-пунктта "бирок 7 жылдан кем эмес" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктта "электр байланышы жөнүндө мыйзамдар менен аныкталуучу учурларда гана" деген сөздөр "цифралык берүүгө өтүүдө мыйзамдарда аныкталуучу учурларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Сунушталган редакция цифралык телерадиоберүүгө өтүүнүн башталышына байланыштуу берилген. Цифралык телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу ушул сыяктуу берүү үчүн жыштыктарды бөлүү зарылдыгы жок, анткени цифралык берүү бир ушул сыяктуу каналдын ордуна 10 цифралык программаны карайт, тактап айтканда берүү тармагын эксплуатациялоо жана теле-радиопрограммаларды трансляциялоо жагынан кызматтарды көрсөтүү, радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча байланыш операторлорунун санын карайт, буга ал тармактар үчүн зарыл болгон долбоорлоо, өндүрүш, курулуш, орнотуу линиялары, курулмалар, системалар жана түзүлүштөр кирет, чектелүү болот (көп каналдуу теле тармактын оператору), ал эми программаларды, берүүлөрдү түзүүчү телерадио уюмдардын саны жыштык спектринин санына көз каранды эмес.
24-пункттун бешинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"3. Улуттук телерадиокорпорация Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин заседаниелерин акысыз негизде көрсөтөт.".
Долбоордун 1-беренесинин 24-пунктунда баяндалган 29-берененин 7-пунктунун сунушталган редакциясында сөз жергиликтүү кеңештин аймагында гана көрсөтүлүүчү телерадио программаларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сүйлөгөн сөздөрү жөнүндө болуп жаткандыктан, бул пункттагы "мамлекеттик, коомдук, муниципалдык жана жамааттык" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
"Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эреже белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.".
"Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин колдонуудагы редакциясы бардык телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдары үчүн жалпы критерийди белгилөөчү жана көрсөтүлгөн уюмдарды менчигинин түрү же башка белгилери боюнча бөлбөөчү "Телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдары" терминин камтыганына байланыштуу Мыйзамдын көрсөтүлгөн беренесин "муниципалдык телерадиоуюмдар", "коомдук телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдары" жана "менчик телеуюмдар" деген терминдер менен толуктоо максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренеси менен Кыргыз Республикасында менчик, мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин башка түрлөрү таанылат жана корголот жана телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдарын менчигине, иш-аракетинин максатына жана аймактык камтуусуна жараша бөлүү 9-берененин жаңы редакциясында белгилөө сунуш кылынгандыктан бүткүл текст боюнча жамааттык телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдарына шилтемеге түзөтүүлөрдү алып салууну же болбосо телерадиоберүү уюмдарынын системасындагы алардын ордун конкреттештирүүнү сунуш кылабыз.
Жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу процессинде келип чыгуучу мамилелер "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салына тургандыгын эске алуу менен "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине сунушталган толуктоолордон "жарнама" терминин алып салууну сунуш кылабыз.
Долбоордо "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү-бешинчи абзацтарын алып салуу сунушталат. Бирок, бул жоболор жарандардын физикалык, психикалык же болбосо моралдык саламаттыгын коргоого багытталган. Ушуга байланыштуу аларды алып салууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунда баяндалган 8-берененин бешинчи бөлүгүнүн сунушталган редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени жогоруда аталган Мыйзамдын 20-беренеси тилдерди пайдалануу тартибин жана ретрансляциялоодо өздүк берүүнүн көлөмүн аныктабайт.
Билим берүүнүн, ишмердиктин тартиби, ошондой эле юридикалык жактардын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык алардын уставдарында аныкталгандыгына байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 13-пунктунда баяндалган 17-1-берененин сунушталган редакциясынын акыркы абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 14-пунктунда баяндалган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин сунушталган редакциясынын 3-пунктун төмөнкүдөй мазмунда берүүнү сунуштайбыз:
"Телерадиоберүүгө лицензияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде же конкурстарсыз лицензиялоочу орган тарабынан ишке ашырылат.".
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесинин жоболорун көңүлгө алуу менен долбоордун 1-беренесинин 30-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"3. Телерадио уюмдарынын программаларында жана берүүлөрүндө ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча адистештирилген органдардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз баланын инсандыгына тиешелүү кандайдыр бир маалыматты ачыкка чыгарууга укугу жок".
Долбоордун 1-беренесинин 32-пунктунда "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө киришинин башка мөөнөтүн, ошондой эле убакыт мезгилин белгилөө сунушталат, анын аралыгында телерадиоуюмдар кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Бирок, сунушталган мыйзам долбоору күчүнө кирген учурга карата ал кабыл алынса, көрсөтүлгөн мөөнөт эчак бүтө тургандыгын белгилөө керек. Ушуга байланыштуу аталган Мыйзамдын 48-беренесине көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорун "Мыйзамдык техника боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы N 1064-III токтому менен бекитилген Мыйзамдык техника боюнча нускаманын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.
"Радиожыштык" деген сөз тийиштүү формада "жыштык" деген сөз менен алмаштырууну. Сунуш тексттеги колдонулган терминдерди 3-беренеде "жыштык ыйгаруу" деген сунушталган аныктамага ылайык келтирүү максатында берилди.
Лицензиялоо маселесине тиешелүү бардык жаңы жоболорду алып салууну сунуштайбыз, анткени иш-аракетти лицензиялоого байланыштуу мамилелер же лицензияланууга тийиш болгон белгилүү бир иш-аракеттер "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет. Алсак, жогоруда аталган Мыйзамдын 3-беренесине ылайык лицензияларды алуу ушул Мыйзамда лицензиялоо каралган ишмердиктин түрлөрүн гана жүзөгө ашыруу жана иш-аракеттерди жасоо үчүн керек.
Мында лицензиялык тартипти киргизүү же болбосо иш-аракеттин түрлөрү боюнча аны жоюу критерийлери көрсөтүлгөн Мыйзамдын 3-беренесинин 5-пунктунда жана "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260 токтому менен бекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 4-главасында белгиленет.
Көрсөтүлгөн главага ылайык ишкерлердин, мамлекеттин жана коомдун конституциялык укуктары менен таламдарын коргоо максатында ишмердиктин лицензиялануучу түрлөрүн белгилөөчү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өзгөчө тартип белгиленет.
Мындан тышкары "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мындай ишмердикти жүргүзгөн субъекттерге карабастан ишкердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө лицензия берүү бир гана башкаруу органы тарабынан жүргүзүлөт.