Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 69
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 6, 7) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (19.07.2023-ж. № 9, 10, 11, 12) - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков жана А.Масалиев айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (21.07.2023-ж. № 16) - Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (18.07.2023-ж. № 14, 21.07.2023-ж. № 15) - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (14.07.2023-ж. № 7) - Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (19.07.2023-ж. № 10) - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Панфилов жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Панфилов, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Панфилов, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы | Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 69 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Орто айылдык | Абдыраева Алтынай Омурбаевна | Панфилов АШК, № 6, 14.07.2023-ж. (Орто а/к 18.04.2023-ж. № 56/VIII-XI-2 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
2 | Орозбеков айылдык | Алимов Авазбек Жакшыбаевич | Кадамжай АШК, № 9, 19.07.2023-ж. (12.07.2023-ж. - өз арызы) |
3 | А.Масалиев айылдык | Масалиев Жыргалбек Абсатарович | Кадамжай АШК, № 11, 19.07.2023-ж. (14.07.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен району | |||
4 | Ак-Сай айылдык | Азимов Аскарали Ибрахимович | Баткен АШК, № 16, 21.07.2023-ж. (16.07.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
5 | Нарын шаардык | Каптагаева Айпери Болотбековна (8) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 14, 18.07.2023-ж. (18.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 69 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Орто айылдык | Бадачиева Эльмира Джумагуловна | Панфилов АШК, № 7, 14.07.2023-ж. (12.07.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
2 | Орозбеков айылдык | Момошов Талантбек Абдуалимович | Кадамжай АШК,№ 10, 19.07.2023-ж. (15.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 69 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
1 | Орто айылдык | Осмонов Максат Эсенбекович | Чүй электр тармактар ишканасынын инспектору | Панфилов АШК, № 7, 14.07.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
2 | Орозбеков айылдык | Шамшиев Ырысбай Ташполотович | Жеке ишкер | Кадамжай АШК, № 10, 19.07.2023-ж. |
3 | А.Масалиев айылдык | Амдамов Акунали Эргешович | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 12, 19.07.2023-ж. |
Баткен району | ||||
4 | Ак-Сай айылдык | Назаров Акылбек Музафарович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 16, 21.07.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Супатаева Гүлзат Табылдиевна (14) "Ордо" саясий партиясы | Нарын мамлекеттик университетинин мугалими | Нарын шаардык АШК, № 15, 21.07.2023-ж. |