Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-июлу № 71
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тогуз-Торо, Ала-Бука, Бакай-Ата, Сокулук, Токмок, Тоң, Нарын жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын (20.07.2023-ж. № 1, 2) - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык жана Атай айылдык кеңештери боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (26.07.2023-ж. № 5, 6) - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңеши боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (20.07.2023-ж. № 44) - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (25.07.2023-ж. № 11) - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;
- Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (23.07.2023-ж. № 23, 24) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (24.07.2023-ж. № 20) - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (27.07.2023-ж. № 7, 8) - Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал жана Чет-Нура айылдык кеңештери боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (26.07.2023-ж. № 31, 32) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (24.07.2023-ж. № 23) - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо, Ала-Бука, Бакай-Ата, Сокулук, Токмок, Тоң, Нарын жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тогуз-Торо, Ала-Бука, Сокулук, Токмок, Нарын жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Тогуз-Торо, Ала-Бука, Сокулук, Токмок, Нарын жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 28-июлундагы № 71 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Тогуз-Торо району | |||
1 | Каргалык айылдык | Тагайбекова Нурайым Алмазовна | Тогуз-Торо АШК № 1, 20.07.2023-ж. (17.07.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Атай айылдык | Доктурбек уулу Жылдызбек | Тогуз-Торо АШК № 1, 20.07.2023-ж. (19.07.2023-ж. - өз арызы) |
Ала-Бука району | |||
3 | Өрүктү айылдык | Анарбаев Бостон Шайлыбаевич | Ала-Бука АШК, № 5, 26.07.2023-ж. (21.07.2023-ж. - өз арызы) |
Талас облусу | |||
Бакай-Ата району | |||
4 | Шадыкан айылдык | Мусаев Наризбек Тууганбекович | Бакай-Ата АШК, № 44, 20.07.2023-ж. (Шадыкан а/к 18.04.2023-ж. № 1 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
5 | Жаңы-Жер айылдык | Резаханова Зумрият Рамазановна | Сокулук АШК, № 11, 25.07.2023-ж. (17.07.2023-ж. - өз арызы) |
Токмок шаары | |||
6 | Токмок шаардык | Кубатбек уулу Азат (2) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Токмок АШК № 23, 24.07.2023-ж. (19.07.2023-ж. - өз арызы) |
7 | Токмок шаардык | Орозахунов Алишер Тынайбекович (4) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Токмок АШК № 23, 24.07.2023-ж. (19.07.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
8 | Б.Мамбетов айылдык | Айтпаева Гулзина Төлөбаевна | Тоң АШК № 20, 24.07.2023-ж. (06.07.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
9 | Жерге-Тал айылдык | Тургуналиев Мелис Жумабекович | Нарын АШК № 7, 27.07.2023-ж. (14.07.2023-ж. - өз арызы) |
10 | Чет-Нура айылдык | Муратов Бактыяр Муратович | Нарын АШК № 8, 27.07.2023-ж. (17.07.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
11 | Төрт-Көл айылдык | Исмаилов Кубаныч Келдибекович | Өзгөн АШК № 31, 26.07.2023-ж. (24.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 28-июлундагы № 71 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Токмок шаары | |||
1 | Токмок шаардык | Амангельдиев Данияр Джолдошевич (10) "Эмгек" саясий партиясы | Токмок АШК № 23, 24.07.2023-ж. (23.07.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 28-июлундагы № 71 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
1 | Каргалык айылдык | Кемелбеков Чынгышахун Кемелбекович | "МакмалГолд Компани" ЖЧКнын жумушчусу | Тогуз-Торо АШК, № 2, 20.07.2023-ж. |
2 | Атай айылдык | Өмүров Абазбек Бекташевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Тогуз-Торо АШК, № 2, 20.07.2023-ж. |
Ала-Бука району | ||||
3 | Өрүктү айылдык | Сейитмурза уулу Мирбек | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Ала-Бука АШК, № 6, 26.07.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
4 | Жаңы-Жер айылдык | Магомедов Магомедгаджи Зубайрович | Жеке ишкер | Сокулук АШК, № 11, 25.07.2023-ж. |
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Лулаков Роман Владимирович (11) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК, № 24, 24.07.2023-ж. |
6 | Токмок шаардык | Закриев Аслан Евласович (13) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК, № 24, 24.07.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
7 | Б.Мамбетов айылдык | талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат | ||
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
8 | Жерге-Тал айылдык | Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Нарын АШК № 7, 27.07.2023-ж. |
9 | Чет-Нура айылдык | Алсеитов Удаабек Капарович | Суу чарбасында инженер гидромелиатор | Нарын АШК № 8, 27.07.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
10 | Төрт-Көл айылдык | Оморбеков Замирбек Аскарбекович | Орто мектептин мугалими | Өзгөн АШК № 32, 26.07.2023-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| А.Аккозиев |