Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-январы №33
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр өзгөртүп кайра уюштурулсун:
- Түндүк региондор аралык башкармалык жана анын базасында Талас жана Чүй облустук башкармалыктары түзүлсүн;
- Чыгыш региондор аралык башкармалык жана анын базасында Ысык-Көл жана Нарын облустук башкармалыктары түзүлсүн.
2. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалык (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология боюнча агенттикке өзгөртүп түзүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Түндүк, Чыгыш региондор аралык башкармалыктар" деген сөздөр "Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустук башкармалыктары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкармалыктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Гидрометеорология боюнча башкы башкармалык (Кыргызгидромет)" деген сөздөр "Гидрометерология боюнча агенттик (Кыргызгидромет)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) жөнүндө жобону белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустук башкармалыктарынын ортосунда иш милдеттерди кайра бөлүштүрүү жана өзгөртүп кайра уюштуруунун жүрүшүндө бошотулуучу кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- зарыл болгонго жараша ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |