Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-сентябры № 86
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Базар-Коргон, Талас, Нарын, Баткен, Ноокат жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (02.09.2023-ж. № 4) - Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын (01.09.2023-ж. № 7) - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын (06.09.2023-ж. № 7, 8) - Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (06.09.2023-ж. № 9) - Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (05.09.2023-ж. № 17) - Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (29.08.2023-ж. № 13, 13-1) - Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов жана Мирмахмудов айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (11.09.2023-ж. № 19, 20) - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (29.08.2023-ж. № 13-1) - Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмудов айылдык кеңеши боюнча чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Базар-Коргон, Талас, Нарын, Баткен, Ноокат жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Базар-Коргон, Талас, Нарын, Баткен, Ноокат жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Базар-Коргон, Талас, Нарын, Баткен, Ноокат жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 74 (3523) саны менен жарыяланды
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 86 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1. |
Ош шаардык | Ахмаджанов Хашим Абдухакимович (2) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. (30.08.2023-ж. - өз арызы) |
2. | Самиева Нурила Камиловна (3) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. (29.08.2023-ж. - өз арызы) | |
3. | Мурзахмедов Нурлан Жеңишбекович (7) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. (29.08.2023-ж. - өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
4. | Базар-Коргон шаардык | Нышанбаев Хабибула Турсунбаевич (14) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Базар-Коргон АШК, № 7, 01.09.2023-ж. (29.08.2023-ж. - өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
5. | Өмүралиев айылдык | Сүйүнтбеков Эламан Султанович | Талас АШК, № 7, 06.09.2023-ж. (ЖААКтын 07-04 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 29-июнундагы берилген Өлгөндүгү тууралуу № KGZ07 0232081 күбөлүгү) |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
6. | Жерге-Тал айылдык | Эсенбаев Жаныш Курманбекович | Нарын АШК, № 9, 06.09.2023-ж. (29.08.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
7. | Кара-Бак айылдык | Туланов Жанибек Шамсидинович | Баткен АШК, № 17, 05.09.2023-ж. (05.09.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
8. | Т.Кулатов айылдык | Джусупов Эрланбек Ромидинович | Ноокат АШК, № 13, 29.08.2023-ж. (Т.Кулатов а/к 28.07.2023ж. № 24-6 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
9. | Мирмахмудов айылдык | Джалалов Мухаммадсодик Исраилович | Ноокат АШК, № 13-1, 29.08.2023-ж. (26.08.2023-ж. - өз арызы) |
Кара-Кулжа району | |||
10. | Капчыгай айылдык | Кадырова Калипа Каденовна | Кара-Кулжа АШК, № 19, 11.09.2023-ж. (07.09.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Аккозиев |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 86 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
1. | Мирмахмудов айылдык | Рахматов Хусантой Акрамжонович | Ноокат АШК, № 13-1, 29.08.2023-ж. (26.08.2023-ж. - өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А. Аккозиев |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 86 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1. |
Ош шаардык | Кадыров Талантбек Жороевич (11) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. |
2. | Турдубаева Гулсара (9) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы | Ош мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. | |
3. | Токтосунов Аскат Азаматович (13) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы | "НК-Сервис" ЖЧК-нын кызматкери | Ош АШК, № 4, 02.09.2023-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
4. | Базар-Коргон шаардык | Нажиманов Кубанычбек Абдулаевич (35) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Базар-Коргон АШК, № 7, 01.09.2023-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
5. | Өмүралиев айылдык | Кенжегараев Масалбек Сарыкулович | "Vertex Gold company" ЖЧК-нын кызматкери | Талас АШК, № 8, 06.09.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6. | Жерге-Тал айылдык | Кожоев Чынгызбек Аскарбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Нарын АШК, № 9, 06.09.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
7. | Кара-Бак айылдык | Амиракулов Кубанычбек Аликанович | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгү. Мергенчи | Баткен АШК, № 17, 05.09.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
8. | Т.Кулатов айылдык | Боркош уулу Дамирбек | Убактылуу иштебейт | Ноокат АШК, № 13, 29.08.2023-ж. |
9. | Мирмахмудов айылдык | Алимжанов Захид Якубжанович | "ЗахРус-ЛТД" ЖЧК-нын жетекчиси | Ноокат АШК, № 13-1, 29.08.2023-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
10. | Капчыгай айылдык | Көккөзова Айымбасар Шеркуловна | Ничке-Суу айылдык ФАПтын кызматкери | Кара-Кулжа АШК, № 19, 11.09.2023-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
А.Аккозиев |