Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябры № 97
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад, Ак-Суу, Өзгөн, Жумгал жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (21.09.2023-ж. № 10) - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (28.09.2023-ж. № 15, 16) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (27.09.2023-ж. № 37, 38) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (27.09.2023-ж. № 19, 20) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө, Жумгал, Байзак айылдык кеңештери боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (29.09.2023-ж. № 10) - Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (28.09.2023-ж. № 16) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (27.09.2023-ж. № 20) - Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө жана Байзак айылдык кеңештери боюнча чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Ак-Суу, Өзгөн, Жумгал жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Суу жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад, Ак-Суу, Өзгөн, Жумгал жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Жалал-Абад, Ак-Суу, Өзгөн, Жумгал жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 06-октябрындагы № 80 (3529) саны менен жарыяланды.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 4-августундагы № 71 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Кара-Дарыя айылдык | Маматкадир уулу Абай | Өз арызы | № 26, 21.07.2022-ж. |
2 | Курманбек айылдык | Кадыров Асилбек Абдуллажанович | Өз арызы | № 24, 21.07.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
3 | Т.Зулпуев айылдык | Алимжан Уулу Нуралибек | Өз арызы | № 5, 22.07.2022-ж. |
Араван району | ||||
4 | А.Анаров айылдык | Худайбердиев Розали Ниязович | Өз арызы | № 12, 22.07.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя шаардык | Матраимов Толонали Мамашерович (№ 6) ("НДПК" деп. фракциясы) | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 3, 25.07.2022-ж. |
Баткен району | ||||
6 | Төрт-Гүл айылдык | Кожакматов Жаңыбай Кожоназарович | Өз арызы | № 41, 21.07.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
7 | Ак-Жар айылдык | Төлөк уулу Бекбол | Өз арызы | № 9, 21.07.2022-ж. |
Нарын шаары | ||||
8 | Нарын шаардык | Чапкынчиев Адыл Турарбекович (№ 2) ("Онугуу-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 77, 20.07.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
9 | Балыкчы шаардык | Абдиева Айнура Жолдошбековна (№ 6) ("Онугуу-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 28.06.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
10 | Вознесеновка айылдык | Исаков Бакир Шарапатинович | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 16, 27.07.2022-ж. |
Сокулук району | ||||
11 | Кызыл-Туу айылдык | Сокеева Айжан Кадыркуловна | Өз арызы | № 11, 29.07.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 4-августундагы № 71 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Кызыл-Туу айылдык | Шайбырова Галина Доолотбековна | Өз арызы | № 11, 29.07.2022-ж. |
2 | Туркебеков Эркинбек Тууганбекович | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 4-августундагы № 71 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын, Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Кара-Дарыя айылдык | Атеков Муратали Ураимович | Жалал-Абад суу башкармалыгы, "Чангыр-Таш" участкасындагы адиси | № 27, 27.07.2022-ж. |
2 | Курманбек айылдык | Калилов Сылыкбек Урустамович | "Ворлд Чойс Интернейшнл Эдюкейшн" ЖЧК, консультант | № 25, 27.07.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
3 | Т.Зулпуев айылдык | Абдибаитов Саитбек Аязович | "Баатыр" дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 5, 22.07.2022-ж. |
Араван району | ||||
4 | А.Анаров айылдык | Момунов Эркинжон Абдумананович | Ош облусту оорукана, травматолог-дарыгер | № 12, 22.07.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
5 | Кызыл-Кыя шаардык | Каримов Алишер Мамашерович (№ 9) ("НДПК" деп. фракциясы) | "Молдо Гулмат" атындагы борбордук эс алуу паркынын директору | № 13, 25.07.2022-ж. |
Баткен району | ||||
6 | Төрт-Гүл айылдык | Султанов Салимбек Маканбекович | Орто мектеп, мугалим | № 41, 21.07.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
7 | Ак-Жар айылдык | Токтомушев Марат Токтобекович | РСК банкы, Ат-Башы филиалы, юрист | № 9, 21.07.2022-ж. |
Нарын шаары | ||||
8 | Нарын шаардык | Алымкулов Шайлообек Аписович (№ 7) ("Онугуу-Прогресс" деп. фракциясы) | Нарын шаарындагы суу канал ишканасы, инженер | № 78, 25.07.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
9 | Балыкчы шаардык | Асанова Жазгуль Ишенбековна (№ 30) ("Онугуу-Прогресс деп. фракциясы")
| Убактылуу иштебейт | № 5, 04.07.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
10 | Вознесеновка айылдык | Каркеев Мирбек Рыскульбекович | Убактылуу иштебейт | № 17, 27.07.2022-ж. |
Сокулук району | ||||
11 | Кызыл-Туу айылдык | Абденов Нурланбек Бейшебекович | Убактылуу иштебейт | № 11, 29.07.2022-ж. |