Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-марты № 115

токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 24-январы №37

"Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы №709 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

"Лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу экспорт жана импорт товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы З №1101-I токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 6-июнундагы № 465 III токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 709 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Атайын багыттагы товарларды импорттоону лицензиялоо боюнча лицензиарлардын жана эксперттердин уюмдарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:

"

┌──┬─────────────────────┬──────────────┬──────────────┬──────────────┐

│20│Тамеки               │"Кыргызтамеки-│"Кыргызтамеки-│Кыргыз Респуб-│

│  │                     │си" МАКынын   │си" МАК       │ликасынын     │

│  │                     │тизмеси боюнча│              │Айыл, суу     │

│  │                     │              │              │чарба жана    │

│  │                     │              │              │кайра иштетүү │

│  │                     │              │              │өнөр жай      │

│  │                     │              │              │министрлиги   │

└──┴─────────────────────┴──────────────┴──────────────┴──────────────┘

".

2. "Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө жана "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 709 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы № 241 токтомунун 4-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- үчүнчү абзацтагы "2 жана 14-пункттар" деген цифралар жана сөздөр "14-пункт" деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;

- бешинчи абзацтагы "17" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;

- алтынчы абзац алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов