Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-марты № 115 токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-майы № 241
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу
товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын
8-июнундагы № 1101-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтом
долбоору жөнүндө жана "Кыргыз Республикасында атайын
багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо
боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
29-октябрындагы № 709 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(В редакции постановления Правительства КР от 24 января 2009 года №37)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы №
464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспор-
ттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлы-
гын аткаруу, тышкы сооданын администрациялык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу товар-
лардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешиин тиркелген токтом долбоору59115 жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин көрсөтүлгөн
токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
три жогоруда көрсөтүлгөн токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү
болуп дайындалсын.
4. "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун
жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октяб-
рындагы № 709 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген спецификалык товар-
ларды экспорттоону лицензиялоо боюнча лицензиар уюмдардын жана эксперт-
тердин тизмесинде:
14-пункт алып салынсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген спецификалык товарларды импорттоону лицензиялоо боюнча лицензиар уюмдардын жана эксперттердин тизмесинде:
11 жана 15-пункттар алып салынсын;
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №37 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Экспорт жана импорт ли-
цензиялар боюнча ишке ашырылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтом долбоору күчүнө
кирген күндөн тартып ушул токтомдун 4-пункту күчүнө кирет.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ТОКТОМУ
"Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу
товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын
8-июнундагы № 1101-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
1. "Экспорт жана импорт лицензиялар боюнча ишке ашырылуучу товар-
лардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1
токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Экспорт лицензиялар
боюнча ишке ашырылуучу спецификалык товарлардын тизмесиндеги (№ 1 тир-
кеме) 2 жана 14-пункттар алып салынсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Импорт лицензиялар
боюнча ишке ашырылуучу спецификалык товарлардын тизмесиндеги (№ 2 тир-
кеме) 11,15 жана 17-пункттар алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Төрагасы