Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 96
Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Акциялардын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүүнүн түрдүү ыкмаларын жүзөгө ашырууну кошкондо, мамлекеттик уюмдардын чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерине ылайык, токтом кылам:
1. Мамлекеттик ишканалардын ишине жана аларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды кайра уюштурууну жана жоюуну, алардын функцияларын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүнү, менчиктештирүүнү жана мамлекеттик ишканаларды акционердик коом кылып кайра түзүүнү ишке ашыруу максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Акциялардын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүү фонддук рынокто акциялардын пакеттерин эл алдында ачык сунуш кылуу аркылуу жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алты айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын ишине жана аларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзсүн;
- эки айлык мөөнөттө:
акциялардын мамлекеттик пакеттерин сатууга алдын ала даярдоо, акцияларга рыноктук наркты белгилөө, алардын тез өтүшүн жогорулатуу жана кийин натыйжалуу менчиктештирүү максатында акциялардын же чыгарылышынын жалпы санынын 10%ына чейинки өлчөмүндө акционердик коомдордун менчиктештирилүүгө тийиш акцияларынын мамлекеттик пакеттеринин бир бөлүгүн эл алдында сатуу жана баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучулары аркылуу акцияларды кошумча эмиссиялоону эл алдында жайгаштыруу механизмин киргизүүнү камсыз кылсын;
акциялардын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун листинг жол-жобосунан милдеттүү түрдө өтүшүн камсыз кылсын;
мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын;
ушул Жарлыктан келип чыккан башка зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. (КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |