Редакцияот 07.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 7-октябры ПЖ № 207

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы № 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 17-апрелиндеги № 142 "Жер жана агрардык реформанын жаңы багыттары жана чаралары жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-декабрындагы № 468 "Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 96 "Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев