Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-февралы ПЖ №100
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу
Баткен шаарына облустук маанидеги статус берилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн андан ары өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген № 1 тиркемедеги:
"Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүмдө:
4-пункттагы "1290" деген сан "1295" деген сан менен алмаштырылсын;
6-пункттагы "405" деген сан "409" деген сан менен алмаштырылсын;
8-пункттагы "1449" деген сан "1458" деген сан менен алмаштырылсын;
12-пункттагы "759" деген сан "762" деген сан менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" деген бөлүмдүн 6-пунктундагы "222" деген сан "225" деген сан менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркеменин 3-пункту "Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |