Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147
Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын чечимдерин аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2009-жылдын 1-апрелинен тартып:
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылсын жана ал 630 сом өлчөмүндө белгиленсин;
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-апрелине чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлөгүнүн суммасы 12 пайызга жогорулатылсын.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөрүлбөйт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз учурунда кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |