Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 509 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 5-июну ПЖ № 193
Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилге электр кубаты боюнча Орточо мөөнөттүк тарифтик саясатты бекиткендигине жана электр энергиясына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерди социалдык жактан колдоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2008-жылдан 1-июлунан баштап "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган, өлчөмү 1500 сомдон ашпаган пенсияларга ар айлык компенсациялык төлөмдөр төмөнкү шкала боюнча белгиленсин:
200 сомго чейинки пенсияларга - 132 сом;
201 сомдон 300 сомго чейинки пенсияларга - 117 сом;
301 сомдон 400 сомго чейинки пенсияларга - 102 сом;
401 сомдон 500 сомго чейинки пенсияларга - 92 сом;
501 сомдон 600 сомго чейинки пенсияларга - 82 сом;
601 сомдон 700 сомго чейинки пенсияларга - 77 сом;
701 сомдон 800 сомго чейинки пенсияларга - 72 сом;
801 сомдон 1000 сомго чейинки пенсияларга - 67 сом;
1001 сомдон 2000 сомго чейинки пенсияларга - 42 сом.
(КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. 2008-жылдын 1-июлунан баштап ушул Жарлык колдонууга киргизилгенге чейин дайындалган пенсияларга электр кубаты үчүн ар айлык компенсациялык төлөмдөрдүн мурда белгиленген өлчөмү 12 сомго көбөйтүлсүн.
3. Ушул Жарлыктын 1- жана 2-пункттарынын колдонулушу электр кубатын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдө жүз пайыздык жеңилдетилген кемитүүдөн пайдаланган адамдарга жайылтылбайт.
4. Ушул Жарлык менен каралган компенсациялык төлөмдөр республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008- жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн компенсациялык төлөмдөргө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үчүн колдонуудагы мыйзам боюнча жеңилдиктерди берүүгө зарыл көлөмдө каражат карасын;
- компенсациялык төлөмдөрдү берүүнү белгиленген мөөнөттө камсыз кылсын;
- жарандардын белгилүү категорияларына электр кубатына акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнү бирдиктүү тарифти колдонуу менен белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду компенсациялык төлөмдөрдү жаңы өлчөмдөрдө кайра эсептеп чыгууну жана аларды тийиштүү ай үчүн пенсияларды төлөө менен бир учурда берүүнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 2002-жылдын 5-майындагы № 105 "Электр энергиясына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлер компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү";
- 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө".
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |