КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-марты № 157
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишин андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгынын "Кыргыз Республикасынын борбордук органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги" деген № 2 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункттагы "1095" деген сан "1112" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |