Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 14-марты ПЖ № 161
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын 15 жылдыгына арналган Кыргызстан калкынын VI съездин (Курултайын) өткөрүү жөнүндө
Жарандык коомду баш коштуруу, этностор аралык биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, ошондой эле Кыргызстандын бирдиктүү калкын түзгөн бардык этностордун маданиятын интеграциялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстан калкынын VI съездин (Курултайын) 2009-жылы 17-апрелде Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Кеңешинин кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Кыргызстан калкынын VI съездин (Курултайын) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети Кыргызстан калкынын VI съездин (Курултайын) өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жана экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин № 161 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргызстан калкынын VI съездин (Курултайын) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Малеваная Оксана Александровна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Абдуллаева Өктөмхан Авазовна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Түмөнбаева Жаңыл Түмөнбаевна - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Пак Светлана Николаевна - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын жооптуу катчысы, уюштуруу комитетинин катчысы.
Сарбаев Кадырбек Тельманович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Мусаев Абдулда Инаятович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Масаулов Сергей Иванович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун директору;
Бакиров Мамасадык Сабирович - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз ал- дынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору;
Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
Жекшеев Жыпар Жекшеевич - ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын башкы катчысы;
Эшимканов Мелис Асаналиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору;
Тогусаков Осмон Асанкулович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия жана укук Институтунун директору;
Тюлеев Нариман Ташболотович - Бишкек шаарынын мэри;
Бекбалаев Амангельды Абдыжапарович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору:
Нифадьев Владимир Иванович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору;
Ормушев Асан Сулайманович - М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору;
Башкурт Мустафа - "Диалог Евразия" ЭКФнын президенти;
Акбаров Дильмурат Абдулхамитович - "Иттапак" уйгурлар коому" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Аллафердов Акиф Кадырович - Кыргыз Республикасында жашаган азербайжандардын "Азери" коомдук бирикмесинин президенти;
Баялы Эрке Абдукаримовна - "Көп балалуу үй-бүлө" кайрымдуулук фондунун башкармасынын төрайымы;
Божев Алихан Ибрагимович - Кыргыз Республикасынын ингуш улутундагы жарандарынын "Вайнах" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Вишневский Валерий Васильевич - "Кыргызстандагы славян фонду" коомдук бирикмесинин президенти;
Диль Валерий Исидорович - "Кыргыз Республикасынын немецтеринин Элдик Кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Маянху Хусейин Сулейманович - Кыргыз Республикасынын дунгандарынын коомдук бирикмесинин президенти;
Степанюк Александр Владимирович - "Гармония" орус маданий борбору" коомдук бирикмесинин президенти;
Салахудинов Жалалидин Сабахитдинович - "Республикалык өзбек улуттук-маданий борбору" коомдук бирикмесинин президенти;
Ермекпаев Бауржан Ермекпаевич - "Отан" казак маданият борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Нарозя Владимир Владимирович - "Кыргыз Республикасынын "Берегиня" украин коому" коомдук бирикмесинин Кеңешинин төрагасы;
Сабиров Равшанбек Азатович - Кыргыз Республикасынын тажиктеринин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти;
Сакимов Мурафаддин Мухаммадович - Кыргыз Республикасынын түрктөрүнүн коомдук бирикмесинин президенти;
Сан Борис Анатольевич - Кыргыз Республикасынын корейлеринин коомдук бирикмесинин президенти;
Ульмаскулова Гульсина Хайдаровна - "Туган тел" татар-башкыр маданий борбору" коомдук бирикмесинин президенти;
Шапиро Борис Моисеевич - "Менора" еврей маданиятынын коому" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Шарипов Саид Рамзанович - "Барт" чечен маданият борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Шут Александр Сергеевич - Кыргыз Республикасындагы белорустардын "Свитанак" коомдук бирикмесинин президенти;
Ташматова Лариса Тодоровна - болгарлардын "Вьзраждане" коомдук бирикмесинин төрайымы;
Бакиев Кыргызбай Бакиевич - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Жалал-Абад бөлүмүнүн төрагасы;
Сапарбаев Абдыкадыр Сапарбаевич - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы.