Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-апрели ПЖ № 201
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |