КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 7-майы ПЖ № 226
"Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Пенсионерлерди социалдык жактан коргоону күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1001 сомдон 2000 сомго чейинки пенсияларга - 42 сом."
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунда каралган компенсацияларды төлөө республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Бул Жарлык 2009-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |