Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-ноябры № 533
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү
тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү
жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын
тизмесин аныктоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы N 347,2008-жылдын 25-сентябрындагы N 536, 2009-жылдын 3-июлундагы №427, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 639, 4 ноября 2010 года №262, 2012-жылдын 9-мартындагы №166, 2016-жылдын 31-мартындагы № 167)
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө тир-
келген жобо бекитилсин.
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы N 639
, 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 токтомунун
редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү функ-
циясын ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныктал-
сын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- социалдык салыкка социалдык чегерүүлөрдү трансформациялоо масе-
лелери чечилгенге чейин жыйноо жана эсептөөнүн тууралыгын контролдоо
жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө функциялары Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун компетенциясына кирээри;
- хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзүү текшерүү болуп эсептебести-
ги жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү
жана соода министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес
ассоциациялардын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүлөөрү.
5. Баалуу металлдарды өндүрүүгө мамлекеттик контролду жана
көзөмөлдөөнү ишке ашыруу функциясы төмөнкүдөй тартипте чектелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик аффинаждоо процессине чейин
өндүрүштүн технологиялык стадияларына контролдоону жана көзөмөлдөөнү
жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу
металлдар башкармалыгы аффинаждоо процессинен баштап баалуу металлдарды
өндүрүү менен алектенген, уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар
ишканалар юридикалык жактардын ишмердигине контролдоону жана
көзөмөлдөөнү жүргүзөт.
6. Мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүнөн баалуу ме-
таллдар жана андан жасалган буюмдар менен иштөө чөйрөсүндөгү сынамыктык
көзөмөлдү алып салсын.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-
лигине Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук инспекция постто-
рун орнотууга (чегаралык жана бажылык посттордогу контролду кошпогондо)
тыюу салынсын.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
(Мамлекеттик транспорттук инспекция) ишкердик субъекттеринин иштерин
транспорт мыйзамдарын сактоо жагында, лицензиялык талаптардын аткарылы-
шы боюнча контролдойт, мыйзамда каралган тартипте жана учурларда авто-
вокзалдарда, автостанцияларда, акыркы аялдама пункттарда, жүргүнчүлүк
жана жүк транспорт чогулуп токтогон жерлерде текшерүүлөрдү жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 347
токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик өз ишмер-
дигин жүргүзүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында жана монополияга каршы мыйзамдарда аныктал-
ган ыйгарым укуктардын чегинен чыкпайт.
9. Курулуш жана жер казнасын пайдалануу жаатында, ошондой эле про-
дукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу жаатында уруксат
берүүчү жол-жоболорду өркүндөтүү жана регламенттөө, мамлекеттик конт-
ролдоо жана көзөмөл жүргүзүү маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына регулятивдик таасирин талдоону (РТТ) ишке киргизүү боюнча
жүргүзүлгөн иштерди эске алуу менен каралсын.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунуш
кылынсын:
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча функцияларды ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагында өз ишмердигин жүргүзгөн коомдук
уюмдарга өткөрүп берүү;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча кабыл алынган чечимдер-
ди аткарууга мониторинг жүргүзүү жана мыйзамда белгиленген чараларды
көрүү үчүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, консультация берүү, дат-
танууларды, сунуштарды кабыл алуу жана аларды компетенттүү органдарга
берүү жаатында өз ишмердигин жүргүзүүчү коомдук уюмдарды укуктук жана
маалыматтык колдоо көрсөтүү функцияларын жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдарынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча инспекцияга
берүү;
- № 1 тиркемеге ылайык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча
кызмат жөнүндө типтүү жобонун моделдик долбоору катары кароо.
11. Ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым
укуктуу органдар эки айлык мөөнөттө:
- ушул токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү
жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 1.7-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик
укуктук актыны иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- жетекчи менен текшерүү жүргүзүүчү кызматкерлердин ортосундагы өз
ара мамилелердин жол-жоболорун, алардын укуктарын жана милдеттерин,
ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар жана алардын кызмат адамдары
менен комплекстүү текшерүүлөрдү жүргүзүү, маалымат алмашуу маселелери
боюнча өз ара аракетин жөнгө салуучу нускамаларды иштеп чыгышсын жана
кабыл алышсын.
12. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары "Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
22-статьясына алардын функцияларын ылайык келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен ма-
кулдашуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишмердиктери
жөнүндө жобого 6 айлык мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп
чыгышсын.
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жана ишкердик субъ-
екттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар менен
бирдикте ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү жүргүзүүлөрүн республика-
лык бюджеттин каражаттарынан гана каржылоону камсыздоо максатында 3 ай-
лык мөөнөттө каражаттарды түзүү булактарын жана өлчөмдөрүн аныктасын,
иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана 2008-жылга бюджетке
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
14. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамле-
кеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ме-
нен бирдикте эки айлык мөөнөттө ишкердик субъекттерине хронометраждык
изилдөөлөрдү уюштуруунун методикасын иштеп чыксын.
15. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети эки айлык мөөнөттө контролдук-кассалык машиналардын чек-
терди берүү талаптары бөлүгүндө керектөөчүлөрдү стимулдоо механизмдерин
иштеп чыксын.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө
баалуу металлдарга жана алардан жасалган буюмдарга эн салуу жана алар
менен иштөө эрежелеринин талаптарын белгилөөчү мыйзамдардын нормаларын
бузгандыгы үчүн административдик чараларды жана кылмыш жоопкерчилигин
күчөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
17. Ишкердик субъекттеринин иштерине текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым
укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул токтомду аткарууну камсыз кы-
лышсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигине ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып 6 айдын ичинде ай са-
йын отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө "Ишкердик субъ-
екттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамын жана ушул токтомду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер
жөнүндө маалымдап турушсун.
18. "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул токтомдун аткары-
лышына жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын
жетекчилерине жүктөлсүн.
19. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги:
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки
мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун аткарылышы
жөнүндө маалымат берип турсун;
- тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, бизнес жамааттардын
өкүлдөрү менен бирдикте контролдоочу органдардын кызматкерлери үчүн да,
ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү үчүн да ишкердик субъекттерине тек-
шерүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболоруна киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү
боюнча иштерди дайыма уюштурсун.
20. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ый-
гарым укуктуу органдар ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки мезгил-
ге берилген текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мурда макулдашылган бардык багыт-
тарды (көрсөтмөлөрдү) милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономика-
лык өнүктүрүү жана соода министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү менен
кайрадан макулдашсын.
21. Ушул токтомго № 2 тиркемеге ылайык текшерүүлөр боюнча Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо актысы-
на кирбеген ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболорун
жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволо-
рунун нормативдик укуктук актылары колдонулбайт жана жоюлууга тийиш деп
табылсын.
22. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдар-
дын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтому, ушул токтом менен бекитилген
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу
мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмесин кошпогондо. Бул Тизме
ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Ишкердик субъекттерине текшерүү
жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши бекиткен учурдан тартып күчүн жоготту деп
табылсын;
- "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдар-
дын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
29-октябрындагы № 707 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы N
44-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдар-
дын нормативдик укуктук актыларынын ушул токтомго N 3 тиркемеге ылайык
тизмеси.
23. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндө
күчүнө кирет.
24. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода жана туризм бөлүмүнө жана Кыргыз
Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-ноябрындагы
№ 533 токтому менен
жактырылган
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө
укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген
мамлекеттик органдардын күчүн жоготту деп эсептелүүчү
нормативдик укуктук актыларынын
ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлигинин Мамлекеттик экологиялык контроль жана жаратылышты пайдалануу
департаментинин 2002-жылдын 17-майындагы № 26 приказы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Мамлекеттик экологиялык контроль жана жаратылышты пайдалануу департа-
ментинин ишкердик субъекттерди текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо. Кыр-
гыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 31-майында кат-
талган. Каттоо № 82-02.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 20-майындагы № 78 буйру-
гу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекту-
ра жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик архитектура-
лык-курулуштук контроль органдары тарабынан шаар куруу-архитектуралык
иш жүргүзүүчү ишкердик субъектилерди текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 31-майында
катталган. Каттоо № 80-02.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу
боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 22-майындагы N 42 токтому
менен бекитилген Эмитенттердин жана баалуу кагаздар рыногунун професси-
онал катышуучуларынын иштерин текшерүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 11-июнунда каттал-
ган. Каттоо № 93-02.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин 2002-жылдын 28-майындагы N 165 буйругу менен беки-
тилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария органдары конт-
ролдоочу ишкер субъекттерди текшерүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Рес-
публикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 11-июнунда катталган.
Каттоо N 89-02.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 29-майындагы № 50 токто-
му менен бекитилген Ишкердик субъекттердин монополияга каршы мыйзамдар-
ды, реклама жөнүндө мыйзамдарды сактоосуна, керектөөчүлөрдүн укуктары
корголушуна жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) баа-
лардын (тарифтердин) туура коюлушуна жана колдонулушуна текшерүү
жүргүзүү жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
2002-жылдын 10-июнунда катталган. Каттоо N 90-02.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги-
нин 2002-жылдын 29-майындагы № 51 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик
эмгек инспекциясынын органдары тарабынан эмгек мыйзамдарынын (анын
ичинде эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын) жана башка эмгек укугун
камтыган нормативдик укуктук актылардын сакталышына текшерүү
жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-
нистрлигинде 2002-жылдын 11-июнунда катталган. Каттоо № 92-02.
7. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик-
тин 2002-жылдын 13-июнундагы № 41 буйругу менен бекитилген Жер казына-
сын пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан Кыргыз Республи-
касынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын тек-
шерүүнүн тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-
рлигинде 2002-жылдын 3-июлунда катталган. Каттоо № 97-02.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлигинин 2002-жылдын 27-июнундагы № 195 буйругу менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык
авиация департаменти тарабынан авиациялык иш жүргүзгөн жеке жана юриди-
калык жактарды текшерүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 18-июлунда катталган. Каттоо №
103-02.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
2002-жылдын 3-июлундагы № 275 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылык камсыздоо жана медици-
налык техника департаменти тарабынан фармацевттик иш жүргүзгөн жеке жа-
на юридикалык жактарды текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Респуб-
ликасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 17-июлунда катталган. Кат-
тоо N 107-02.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
2002-жылдын 8-августундагы № 331 буйругу менен бекитилген Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитар-
дык-эпидемиологиялык кызмат органдары жана мекемелери тарабынан ишкер
субъекттердин иштерин текшерүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 19-августунда катталган. Кат-
тоо N 122-02.
11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлигинин 2002-жылдын 26-ноябрындагы № 336 буйругу менен бекитилген Кыр-
гыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыр-
гыз транспорт инспекциясынын ишкерлик субъекттерди текшерүүсүнүн тарти-
би жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
2002-жылдын 24-декабрында катталган. Каттоо № 161-02.
12. Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш боюнча мамле-
кеттик комиссиясынын 2003-жылдын 7-февралындагы № 13 буйругу менен бе-
китилген Курулуш ишин жүргүзүүчү лицензиаттардын лицензиялык талаптарды
жана шарттарды аткаруусун текшерүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Респуб-
ликасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 7-мартында катталган. Кат-
тоо № 19-03.
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2003-жылдын
13-мартындагы № 90-п буйругу менен бекитилген Финансылык полиция орган-
дары тарабынан ишкерликтин субъектилерин текшерүү тартиби жөнүндө жобо.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 18-мартында
катталган. Каттоо № 27-03.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2003-жылдын
10-апрелиндеги № 118-п буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин ыйгарым
укуктуу кызмат адамдары тарабынан чарбакер субъектилерге документтик
текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинде 2003-жылдын 23-апрелинде катталган. Каттоо № 41-03.
15. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2003-жылдын
22-сентябрындагы № 247-п буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасы-
нын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар
башкармасы тарабынан ишкерлик субъекттердин иштерине текшерүү жүргүзүү
тартиби жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
2003-жылдын 1-октябрында катталган. Каттоо N 102-03.
16. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлигинин 2004-жылдын 1-ноябрындагы № С 705 буйругу менен бекитилген
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агентство жана анын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аймактык баш-
кармалары тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамда-
рын сактоо маселелери боюнча ишкер субъекттердин иштерин текшерүү тар-
тиби жөнүндө жобо.
17. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2006-жыл-
дын 21-декабрындагы № 210 буйругу менен бекитилген Ишкердик субъекттер-
дин монополияга каршы мыйзамдарды сактоосуна, керектөөчүлөрдүн укуктары
корголушуна жана байланыш тармагында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө
(жумуштарга) баалардын (тарифтердин) туура коюлушуна жана колдонулушуна
текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо.
18. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитетинин 2007-жылдын 2-июлундагы N 96 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-
тетинин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан салык төлөөчүлөрдүн
салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө
мыйзамдарды сактоосуна текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министрдин
милдетин аткаруучу М.Исмаилов
Эпидемиологиялык жогорку тобокелдик объекттеринин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)