Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 4-июну ПЖ № 261
Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун ишин "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин 1-пунктунун негизинде токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун (мындан ары - Фонд) ишин баштоону камсыз кылуу максатында Фонддун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурс Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы тарабынан Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө жарыялана тургандыгы белгиленсин.
3. Фонддун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурсту өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы Фонддун жетекчи кызмат ордуна конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну ушул Жарлык күчүнө кирген күнү жарыяласын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-июнундагы № 261 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун жетекчи кызмат орундарына биринчи конкурсту өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын
КУРАМЫ
Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары -уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Жунушалиев Мелис Турусбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын талдоо кызматынын жетекчиси, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары;
Турдумаматов Алмас Имамидинови - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыч гындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-кызматынын жетекчиси, конкурстук комиссиянын катчысы.
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Молдошева Динара Автандиловна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Элебаев Нурбек Беккулович - Кыргыз фонддук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы;
Таранчиев Эрик Токбаевич - "Корпорациялык башкаруу жана өнүктүрүү институту" коомдук фондунун кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |