Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 17-июну ПЖ № 280
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы бир айлык мөөнөттө Жободо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешинин курамын түзүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы № 280 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн.
1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фонду (мындан ары Фонд) финансылаган долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө коомдук контролду камсыз кылуу максатында түзүлгөн коомдук кеңеш берүүчү орган болуп саналат. 2. Кеңеш өз ишинде "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш юридикалык жактын статусуна ээ эмес.
4. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
5. Кеңештин негизги функциялары болуп Фонд финансылаган долбоорлордун коомдук маанисин жогорулатуу, аларды жүзөгө ашыруунун сапатына жана долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруунун ыкмаларын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, долбоорлордун натыйжаларын ачык талкуулоого катышуу, Фонддун жана анын органдарынын аракеттеринин тандалган багыттарга жана иштин эрежелерине ылайык келишине контролдук кылуу саналат.
6. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Фонддун директорлор Кеңеши менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик же коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардан тышкары өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Фонддун Башкармасынан суратууга;
- Фонддун Башкармасынын компетенциясына таандык маселелер боюнча эксперттер, адистер же таламдаш коомдук уюмдар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Фонддун органдарына ишмердиктин негизги багыттарын жана түрлөрүн сунуш кылууга, аларды илимий-усулдук жактан колдоого алууга;
- Фонддун органдарына эл аралык коомдук, илимий, окутуучу, өндүрүштүк уюмдары, бирикмелери, ассоциациялары менен өз ара аракеттенишине көмөк көрсөтүүгө;
- Фонддун органдарына долбоорлорду финансылоонун кошумча булактарын тартуу боюнча чараларды сунуш кылууга.
7. Кеңеш 2 жылдык мөөнөткө 11 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан жана анын орун басарынан түзүлөт.
(КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 493 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кеңештин толук курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
(КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 493 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт.
(КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 493 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Кеңештин шайланган мүчөсү өзүнүн милдеттенмелерин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары анын жеке арызы жана Кеңештин төрагасынын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
(Абзац КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 493 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2009-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ № 493 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Кеңештин биринин же бир нече мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу, эгерде Кеңештин мүчөлөрүнүн саны 7ден кем болбосо, Кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу милдеттенмесине алып келбейт. Мында Кеңештин шайланган курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өзгөрбөйт.
12. Кеңештин төрагасы же анын орун басары (төрага жок болгондо же анын тапшырмасы боюнча) Кеңештин ишин уюштурат: жыйналыштарды өткөрөт, учурдагы уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт.
13. Кеңештин курамынын ыйгарын укуктары аяктаган же Кеңештин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кеңештин жаңы курамы ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлөт.
Кеңештин жаңы курамын түзүү жөнүндө кулактандыруу расмий мамлекеттик басылмаларга жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен, ал эми Кеңештин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда ыйгарым укуктар токтотулган күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
14. Кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйналышы өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңештин биринчи жыйналышында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешинин регламентин бекитет.
15. Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышкан шартта ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
16. Кеңештин чечими жыйналышка катышып отурган Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин жыйналышында төрагалык кылган адам кол коет.
17. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналышына алмашуу укугусуз катышат. Кеңештин мүчөсү жыйналышта жок болгон учурда ал каралып жаткан маселе боюнча өз пикирин жазуу түрүндө берүүгө укуктуу.
18. Чечим Кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда Кеңештин жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
19. Кеңештин чечими сунуш мүнөзүндө болот жана Фонд тарабынан финансыланган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча сунуш түрүндө бекитилет.
20. Кеңештин чечими Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке, Фонддун директорлор Кеңешине жана Фонддун Башкармасына Кеңештин төрагасы жана анын орун басарынын кол коюусу менен жиберилет.
21. Кеңеш өз ишин Кеңештин чечими менен бекитилген планга ылайык жүргүзөт.
22. Кеңештин төрагасы Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жана Фонддун директорлор Кеңешинин жыйналышына катышууга укуктуу.
23. Кеңештин жыйналышында протокол жазылат. Чечимге төрага же анын орун басары кол коет, анын түп нускасы Кеңештин катчысында сакталат.
24. Кеңештин ишин камсыз кылууну Фонддун аткаруучу органы жүзөгө ашырат. Аткаруучу орган Кеңештин катчысынын милдеттенмелерин аткаруу үчүн өзүнүн штаттык кызматкерин берет.
25. Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кат алышууларды жүргүзөт, алардын сунуштары боюнча иштөө планын, күн тартибин түзөт, жыйналыштардын протоколун алып барат, Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын жана чечимдерин аткаруу мөөнөтүн контролдойт.