ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2009-жылдын 7-августундагы ПЖ N 327 «А.С.Арзыбаев, М.Эргешова жөнүндө» жарлыгы

Редакция07,08,2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 7-августу ПЖ № 327

А.С.Арзыбаев, М.Эргешова жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесиндеги 4-пунктка, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, 3-бөлүккө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр которулсун:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалал-Абад облустук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Эргешова Мастурахан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облусунун Араван райондук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев