Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-сентябры ПЖ № 350
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасы башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2009-жылдын октябрь-декабрында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери запаска бошотулсун.
2. 2009-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик бөлүктөрүнө кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, альтернативдик кызматка чакырылсын жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыска мөөнөттөгү аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуунун мөөнөттөрүн, жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырууну жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошууну жүргүзүү тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |