ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 426 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

УКАЗ

2009-жылдын 26-октябры ПЖ № 426

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө

(КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

 

Мамлекеттик башкаруу системасын жана органдарын реформалоого байланыштуу, аткаруу бийлик системасына кирбеген мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 7, 42-беренелерин жана 46-беренесиндеги 2-пункттун 9-пунктчасын жана 47-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борбору жоюлсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын турмушка ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясын жойсун;

- ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн органды жоюу боюнча комиссияны түзсүн, бул комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

Кыргызской Республики

 

К. Бакиев