Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 6-ноябры ПЖ № 493
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-9-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7. Кеңеш 2 жылдык мөөнөткө 11 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан жана анын орун басарынан түзүлөт.
8. Кеңештин толук курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
9. Кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт.";
- 10-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |