Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 509
Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 29-январындагы ПЖ № 25 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда республиканын пенсионерлеринин жашоо деңгээлин социалдык жактан колдоо жана бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган, өлчөмдөрү 4000 (төрт миң) сомдон ашпаган пенсияларга 2010-жылдын 1-январынан тартып электр кубаты үчүн ар айдагы компенсациялык төлөмдөр 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:
- электр кубаты үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн зарыл көлөмдөгү каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин:
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. (КР Президентинин 2010-жылдын 29-январындагы ПЖ № 25 Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |