Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 29-январы ПЖ №25
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Электр энергиясына тарифтер жогорулаган шартта компенсациялык төлөмдөрдүн механизмин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №509 "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту алып салынсын жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык электр энергиясы үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн зарыл болгон көлөмдө кошумча каражаттарды издеп тапсын;
- "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга божомолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында кайра эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |