Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 510
Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө
Энергия булактарына тарифтер өзгөргөндүгүнө байланыштуу аскер кызматындагы пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Пенсияларынын орточо айлык өлчөмү 5000 (беш миң) сомдон ашпаган аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларынын өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан тартып жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:
- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларына үстөк акы төлөө тартибин жана механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;
- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсиялары жогорулашына байланыштуу зарыл каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |