ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 510 «Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыгы

Редакция13.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 510

Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө

Энергия булактарына тарифтер өзгөргөндүгүнө байланыштуу аскер кызматындагы пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Пенсияларынын орточо айлык өлчөмү 5000 (беш миң) сомдон ашпаган аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларынын өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан тартып жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларына үстөк акы төлөө тартибин жана механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;

- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсиялары жогорулашына байланыштуу зарыл каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев