Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 512
Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө
Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда бюджеттик тармактын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына 2010-жылдын 1-январынан тартып 200 сом суммасында ар айдагы кошумча акы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:
- электр кубаты үчүн бюджеттик тармактын кызматкерлерине кошумча акыны төлөө үчүн зарыл болгон көлөмдө каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |