ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 512 «Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө» жарлыгы

Редакция13,11,2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 512

Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шартта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынакошумча акыны белгилөө жөнүндө

Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда бюджеттик тармактын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Орточо эмгек акысы 5000 (беш миң) сомдон ашпаган бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысына 2010-жылдын 1-январынан тартып 200 сом суммасында ар айдагы кошумча акы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- электр кубаты үчүн бюджеттик тармактын кызматкерлерине кошумча акыны төлөө үчүн зарыл болгон көлөмдө каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев