Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 4-декабры ПЖ № 561
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 22-беренесине ылайык, этил спиртин жана алкоголь продукциясын өндүрүүнүн сапатына контролдукту натыйжалуу камсыз кылуу, ылайыктуулукка баа берүү боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өлчөөлөрдүн анык эместигинин кесепеттеринен коргоонун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Өлчөөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" жана "Этил спиртин жана алкоголь продукциясын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр максатка ылайыктуу деп эсептелсин:
(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекцияны түзүү;
- Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борборуна кайра түзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- (КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекцияны түзсүн;
- Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борборуна кайра түзсүн;
- төмөнкү Жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин:
(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгына ылайык күчүн жоготту);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча Мамлекеттик инспекция жөнүндө;
Кыргыз аккредитациялоо борборун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо Борбору жөнүндө;
- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин жана зарыл чараларды кабыл алсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |