Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 6-октябры ПЖ № 232
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Этил спиртин, алкоголдуу продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын камсыздоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
- этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны чыгарууга жана жүгүртүүгө лицензия берүү;
- этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны импорттоого квота берүү;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууга, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштуруу жана ишке ашыруу;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда жана техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышын контролдоо;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана/же жүгүртүүнү ишке ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- 5-пункттагы "422" жана "142" деген цифралар тиешелүү түрдө "377" жана "97" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:
"
──┬────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│27│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил │ 45 │
│ │спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны │ │
│ │чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча │ │
│ │мамлекеттик агенттик │ │
│ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │анын ичинде: │ │
│ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү │ 26 │
│ │продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо│ │
│ │боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук │ │
│ │аппараты │ │
│ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│ │Аймактык бөлүмдөрү │ 19 │
└──┴────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
".
5. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык уюштуруучулук, финансылык, башка маселелерди чечсин жана зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |