КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 10-февралы ПЖ №38
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктунун үчүнчү абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары дайындалсын:
- Шакиров Абдыгапыр - беш жылдык мөөнөткө Баткен облустук сотунун төрагалыгына;
- Чаканов Эдилбек Сайпидинович - беш жылдык мөөнөткө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына;
- Давлетбаева Мадина Акремовна - беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына;
- Жобонов Койчубек Касымович - беш жылдык мөөнөткө Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагалыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |