ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2010-жылдын 10-февралындагы ПЖ №38 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө» жарлыгы

Редакция10.02.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 10-февралы ПЖ №38

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орун басарларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктунун үчүнчү абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары дайындалсын:

- Шакиров Абдыгапыр - беш жылдык мөөнөткө Баткен облустук сотунун төрагалыгына;

- Чаканов Эдилбек Сайпидинович - беш жылдык мөөнөткө Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына;

- Давлетбаева Мадина Акремовна - беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына;

- Жобонов Койчубек Касымович - беш жылдык мөөнөткө Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагалыгына.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев