Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ №139 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 17-февралы ПЖ №55

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жарлыктын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык 2009-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев