Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 16-июну ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Жарлыгынын 3-7-пункттары, 8-пунктунун экинчи-жыйырма алтынчы, жыйырма сегизинчи абзацтары, 9-11-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-августундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |