Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 5-марты ПЖ № 68
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 15-пунктуна, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-, 17-, 19-беренелерине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери запаска бошотулсун.
2. 2010-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик бөлүктөрүнө кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, альтернативдик кызматка чакырылсын жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыска мөөнөттөгү аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуунун мөөнөттөрүн жана жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырууну жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошууну жүргүзүү тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |