КР Президентинин
2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 12-марты ПЖ № 73
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана коргоо, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын тийиштүү контролдоону камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 16 жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы ", 46-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттагы "149" деген цифра "148" деген цифрага алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө Жободо:
- 5-пункттун "в" пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пункттагы "үч" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |