Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 514
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик кызматтын кадрдык потенциалын натыйжалуу калыптандыруу жана мамлекеттик кызмат системасын башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесин жана 47-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө Жобо жана аны башкаруу схемасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматчыларынын чектелүү штаттык саны 99 штаттык бирдик болуп белгиленсин.
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүктүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" деген бөлүмүндө:
- II топто:
үчүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору";
бешинчи жана жетинчи саптар алып салынсын;
- III топто:
төртүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары";
алтынчы сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору";
сегизинчи сап алып салынсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
4-главанын аталышындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Мамлекеттик саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген 19-главада:
"Б2" тобунда:
үчүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси";
бешинчи сап алып салынсын;
"Б3" тобунда:
сегизинчи сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун жардамчысы";
онунчу сап алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана анын аймактык органдарынын ишине байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечсин;
- мурда кабыл алынган чечимдерди ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 Жарлыгы менен бекитилген
|
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │
│ Мамлекеттик кадр кызматы │
└──────────────┬──────────────┘
│
┌──────────────┴──────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└──────────────┬──────────────┘
│
┌──────────────┴──────────────┐
│ Мамлекеттик кадр кызматынын │
│ аймактык өкүлчүлүктөрү │
└ ───────────────────────────── ┘