Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 20-июлу №50
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө
2010-жылдын июнундагы кайгылуу окуялардан кийин Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгарууну камсыздоого көмөк көрсөтүү жана ишти координациялоо максатында токтом кылам:
1. Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Комиссия этностор аралык мамилелерди бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча чаралардын программасын эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдарды ошондой эле кызыкдар башка органдарды тартуу менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл болгон маалыматты сурап алууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын иши менен байланышкан, ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди 2010-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан адамдар үчүн өздүгүн жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын укуктук жактан күбөлөндүргөн документтерди калыбына келтирүүнүн жана алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө белгиленген тартипте киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги өлкөнүн ичинде орун которгон адамдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 229 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобого ылайык эсепке алууну жана каттоону камсыз кылсын.
8. Мамлекеттик органдар Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 Жарлыгы менен бекитилген |
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Абдуллаева У.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, |
Сатыбалдиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Эгамбердиева Ж.Ш. | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Жолдошева Н.К. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, комиссиянын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ибраев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын башкы прокурору;
|
Рыскулова А.М. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
|
Шыкмаматов А.Ш | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
|
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
|
Мырзакматов М.Ж. | - Ош шаарынын мэри;
|
Алымбеков Б.М. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Карамушкина И.Ю. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Сосницкая Л.А. | - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;
|
Черноморец В.В. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
|
Асанов К.С. | - Ош облусунун комендантынын орун басары - Ош шаарынын коменданты;
|
Хорошман Е.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Ниязов Ф.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси;
|
Жакупова Ч. | - «Адилет» укук клиникасы» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Абдрасулова А.П. | - «Кылым шамы» коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча). |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы №50 Жарлыгы менен бекитилген
|
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2010-жылдын июнундагы окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүдө, Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгарууну камсыздоодо министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык донорлордун, эл аралык кайрымдуулук фонддорунун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка кызыкдар органдардын ишинин натыйжалуулугун күчөтүү жана координациялоо үчүн түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
3. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жабыр тарткан калктын артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыздоого көмөк көрсөтүү: гуманитардык жардамды максаттуу кабыл алуу жана бөлүштүрүү; калктын абдан аялуу катмарын колдоо;
- Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан адамдар үчүн өздүгүн жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын укуктук жактан күбөлөндүргөн документтерди жөйөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга (калыбына келтирүүгө) көмөк көрсөтүү;
- 2010-жылдын июнундагы окуялардын убагында каза болгон жарандардын көмүлгөн жерлерин каттоону тактоо үчүн маалымат базасын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишине (социалдык жардам көрсөтүү жана тергөөгө көмөк көрсөтүү максатында) көмөк көрсөтүү;
- багуучусу каза болгон үй бүлөлөргө, жабыр тарткан үй бүлөлөргө жардам көрсөтүү;
- дайынсыз жоголгондорду издөөгө, өздүгүн аныктоого көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандары табылганда тиешелүү экспертизаны жүргүзүү;
- жабыр тарткандарды медициналык, психологиялык, укуктук жактан реабилитациялоо жана социалдык жактан адаптациялоо үчүн мобилдүү социалдык кызматты түзүү;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында июнь окуяларында жабыр тарткан жарандардын укугун коргоо маселелеринде мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка кызыкдар органдардын ишин координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
- чыр-чатак зонасында жашаган балдарга укуктук, медициналык, психологиялык жардам көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын ишине көмөк көрсөтүү;
- идеологиялык, консультациялык-укуктук жана маалыматтык-аналитикалык иштерди жайылтуу жана күчөтүү жолу менен тынчтыкты сактоодо жана элдештирүүдө, этностор аралык мамилелерди чыңдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка тиешелүү органдарынын ишине көмөк көрсөтүү;
- жалпы баш аламандыктан абдан жабыркаган райондордо иштеген врачтар жана мугалимдер үчүн шарттарды түзүү боюнча тиешелүү органдардын ишине көмөк көрсөтүү;
- кырдаалды жөнгө салуу үчүн чыр-чатак зонасында коомдук жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- чыр-чатак зонасында кырдаалды жайгаруу үчүн куралсыздандыруу (калктагы куралды кайтарып алуу) маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тиешелүү укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү;
- жарандык, өкмөттүк эмес, эксперттик коомчулуктун, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана башка субъекттерден Комиссияга Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу маселелери боюнча түшкөн сунуштарын талдоонун жана жалпылоонун негизинде сунуштарды, рекомендацияларды, макулдашууларды иштеп чыгуу;
- ушул Жободо каралган Комиссиянын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашыруу;
- уурдалган мүлктү кайтарууга, калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү.
4. Комиссия өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүдөй укукка ээ:
- иштөө үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды мамлекеттик органдардан жана өкмөттүк эмес уюмдардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- Комиссиянын милдеттерине кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин өзүнүн заседаниелеринде угууга;
- тиешелүү мамлекеттик органдар, ишканалар жана мекемелер милдеттүү түрдө аткара турган ташпырмаларды берүүгө.
III. Комиссиянын курамы жана ишин уюштуруу
5. Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана адам укугун коргоо чөйрөсүндө адистешкен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
6. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы, төрага жок болгон учурда анын орун басарынын бири жетектейт. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын заседаниелеринде төрагалык кылат, ишти уюштурат жана Комиссиянын ишин жалпы контролдойт.
7. Комиссиянын ишинин негизги формасы болуп Комиссиянын заседаниелери эсептелет, алар зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп, анын ичинде зарыл болсо чыр-чатак зонасына баруу менен өткөрүлөт.
8. Эгерде мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Комиссиянын заседаниелери укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, добуштар тең болуп калса, заседаниенин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын мүчөлөрү анын заседаниелерине өз ордуна башка адамды жибербестен, жеке өздөрү катышат.
9. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын кароосу үчүн материалдарды даярдайт.
10. Комиссиянын ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү максатында башкаруу жана мамлекеттик түзүлүш чөйрөсүндө адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
11. Комиссияны уюштуруу жагынан камсыздоону Комиссиянын жооптуу катчысы жүргүзөт.