КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 11-августу ПЖ № 101
К.К.Сулайманов жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманов Кадырбек Култашырович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |