КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 11-августу ПЖ №107
Н.А. Ашымбековду сыйлоо жөнүндө
Мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоого, ошондой эле аскер кызматчылардын укуктарын коргоону камсыздоого кошкон орчундуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын «Курал жөнүндө» Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Ашымбеков Нурлан Ашымбекович ысмы жазылган дүрмөттүү курал9 мм «Glock», №МLK 343, 2008-жылы чыгарылган тапанча менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 9 мм «Glock» тапанчаны белгиленген тартипте берсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги сый куралды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |