Загрузка документа…
К Р Президентинин
2011-жылдын 7-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 11-августу ПЖ № 110
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу мамилелерин тартипке салуу максатында, 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жумалиев Муктар Кабылбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин
биринчи орун басары,Комиссиянын төрагасы;
Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция
министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Сатыбалдиев Дүйшөн Туйбасович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору;
Бараканова Салтанат Нурдиновна - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция
министрлигинин этностук кыргыздар жана келгиндер менен иштөө
боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Бекенов Марат Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук
кызматынын төрагасынын орун басары;
Майкозов Касымбек Асыпбекович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы № 36 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-февралындагы № 66 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 88 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-майындагы № 239 Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |