КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 11-августу ПЖ № 118
Т.Н.Бердикеев жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бердикеев Токтоназар Нарикбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |