Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 17-августу ПЖ № 131
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча
мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө
Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, баңгизаттарын жеткирүүнүн каналдарын жоюу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн базасында түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кызмат баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүргүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы адистештирилген укук коргоо органы болуп эсептелет;
- Кызматтын штаттык саны 262 аттестациядан өткөн курам жана 33 жарандык, тейлөөчү персонал болот;
- улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарында баңгизат кылмышы менен байланышкан кылмыштар боюнча оперативдүү-издөө иштерин жана тергөө жүргүзүү укугу калтырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигин жоюуга байланыштуу бекитилген жоюу комиссиясынын актысына ылайык мурда кабыл алынган имараттарды, автомобиль паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, материалдык-техникалык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана штаттык бирдиктерди Кызматка өткөрүп беришсин;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
4. Кызмат бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кызматтын жобосунун, башкаруу схемасынын, түзүмүнүн долбоорлорун иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;
- ушул Жарлыкка ылайык башка чарларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кызматтын ишин финансылык, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелерин чечсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |