Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 25-апрели ПЖ № 95
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоо алкагында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |