Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 19-августу ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоону үзгүлтүккө учуратуу коркунучун алдын алуу, колдонуудагы пенсиялык системага топтомо элементин киргизүүдө камсыздандыруу принциптерин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун финансылык туруктуулугун сактоо максатында токтом кылам:
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн администрациялоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү боюнча иш-чарлардын тиркелген планы бекитилсин.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-тиркеменин 7-сабында:
"1326" деген цифралар "1373" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"172" деген цифралар "157" цифралар менен алмаштырылсын;
"1154" деген цифралар "1216" деген цифралар менен алмаштырылсын.
- 5-тиркемеде:
3-сап ", Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
4-саптагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду," деген сөздөр алып салынсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |