Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 19-августу ПЖ №140
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-апрелиндеги № 24 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мөөнөтүнөн мурда бошотулушсун:
Булатова Мира Күмөновна - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан;
Бешкоруков Орозбек Молдокматович - Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан;
Житишикова Гүлнара Аскарбековна - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |