Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 28-августу ПЖ № 148
2009-жылдын 13-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында жана 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары Кызмат) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарында мамлекеттик башкаруунун мамлекеттик саясатын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу бирдиктүү мамлекеттик орган болуп саналат. Кызмат Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш иет жана ага отчет берип турат.";
- 5-пунктта:
"а" пунктчасындагы "сунуштарды" деген сөз "саясатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызматчылар жана бош турган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө талапкерлер үчүн суроолордун тесттеринин, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана администрациялык мамлекеттик кызматтарга коюлуучу атайын талаптарга ылайык башка тесттердин базасын иштеп чыгуу, түзүү жана модернизациялоо;
- бош турган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлөө үчүн талапкерлерди, ошондой эле аттестациядан өткөндө жана квалификациялык экзаменди бергенде мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүү жана аны жүргүзүү;";
- 6-пункттун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер министрине киргизүү;";
- 9-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- Кызматтын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;";
- 15-пунктта:
"9" деген цифра "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
төртүнчү сүйлөм алып салынсын.
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |