Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 28-августу ПЖ № 149
"Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш
белгисин уюштуруу жөнүндө
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга катышуучулардын элге каршы коррупциялашкан режимди кулатуудагы өзгөчө эмгегин баалоо иретинде, патриотизмге тарбиялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси уюштурулсун.
2. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгисин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылаары белгиленсин.
3. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгисин ыйгаруунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгисинин эскизин, сүрөттөмөсүн жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн бекитсин;
- каражат тапсын жана атайын төш белгини жана күбөлүктү керектүү санда даярдасын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы № 149 Жарлыгы менен бекитилген |
"Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси
менен сыйлоого көрсөтүүнүн тартиби
III. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси
менен сыйлоо үчүн берилүүчү документтердин тизмеси
1. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана 13-14-майында Бишкек шаарында жана региондордо элге каршы режимди кулатуу боюнча окуялардын активдүү катышуучулары сыйланышат.
2. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти чыгарат.
3. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен ага арзыган адам жекече, ал эми курман болгон адам - өлгөндөн кийин сыйланат.
белгиси менен сыйлоого көрсөтүүнүн тартиби
4. Апрель элдик революциясына түздөн түз катышкан партиялар, кыймылдар жана коомдук бирикмелер апрель революциясынын активдүү катышуучуларынын кандидатураларын "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоого сунуш кылышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн (мындан ары - Убактылуу Өкмөт) мүчөлөрүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын секретариаты (мындан ары - Комиссиянын секретариаты) аркылуу киргизишет.
5. Комиссиянын секретариаты "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө түшкөн документтерди түшкөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кароосуна киргизет.
6. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоо үчүн келген документтерди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кароосунун жыйынтыгы боюнча протокол таризделет, ага Убактылуу Өкмөттүн бештен кем эмес мүчөсү кол коюуга тийиш.
7. Кол коюлган протокол документтердин пакети менен кошо Комиссиянын секретариатына киргизилет.
8. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кароосунун протоколунун негизинде Комиссиянын секретариаты "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга киргизет.
менен сыйлоо үчүн берилүүчү документтердин тизмеси
9. Комиссиянын секретариатына төмөнкүдөй документтер берилет:
- "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоо үчүн кандидаттарды көрсөтүү жөнүндө партиянын, кыймылдын, коомдук бирикменин заседаниесинин протоколу;
- "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоого көрсөтүлгөн адамдын өзүн күбөлөндүргөн паспортунун көчүрмөсү, мында жашаган жери көрсөтүлөт (катталгандыгы боюнча же иш жүзүндө жашаган жери боюнча);
- "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоого көрсөтүлгөн кандидат катышкан окуялардын кыскача баяндамасы, муну партиянын, кыймылдын, коомдук бирикменин ушул Жобонун 1-пунктунда аталган окуяларга тикелей катышкан үчтөн кем эмес мүчөсү ырастоого тийиш;
- "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйлоого көрсөтүлгөн кандидаттын өмүр баяны жана кадрдык эсепке алуу боюнча белгиленген үлгүдөгү жеке баракчасы;
- соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү (денесинен жаракат алгандар үчүн);
- курман болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, аны нотариус күбөлөндүрүүгө тийиш.
10. "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси менен сыйланган адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
11. Курман болгондон кийин сыйлангандарга "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгиси жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүк алардын үй-бүлөсүнө түбөлүк сактоого берилет.